Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.12.2018 09:21

Караколдо өспүрүмдөрдүн аскердик клубу ачылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында өспүрүмдөрдүн «Каскад-Гвардия» аскердик патриоттук спорт клубунун ачылышы болду, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын ачылыш аземи 18-декабрда шаардагы №3 мектеп гимназиясында болду. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ардагерлер, Баткен окуясынын ардагерлери, ОИИБдин кызматкерлери катышты. Анда балдар аскерге чейинки даярдык боюнча аскердик саптык даярдык, автоматты чогултуу, чачуу сыяктуу өнөрүн тартуулашты.

«Клубдун максаты балдарды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенди сүйүүгө чакыруу, жаштарды сергек жашоого үндөө болуп саналат. Мындан тышкары, балдардын атуулдук сезимин жогорулатуу, жаштарды Куралдуу күчтөргө кызмат кылууга даярдоо максатын көздөйт», - дейт уюштуруучулардын бири Н.Салибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×