Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.12.2018 16:48

Үйүн атайын өрттөп, компенсация сурагандар бар, - Камсыздандыруу уюмунун төрайымы Ж.Эгамбердиева

Turmush -  Бүгүн, 18-декабрда Ысык-Көл облусунда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан ушул жылдын 1-декабрында болгон катуу шамалдан улам турак жайы жабыркаган жарандарга компенсациянын сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрайымы Жумагүл Эгамбердиева кандай учурда жарандарга компенсация төлөнөрү тууралуу айтып берди.

«Турак жайды камсыздандыргандан кийин табигый кырсык же өрт болуп, кыймылсыз мүлк жабыр тартса эң биринчи аны жарандык коргонуу комиссиясы жерине барып карап, тиешелүү тыянак чыгаргандан кийин компенсация төлөнүп берилет. Айрым учурларда компенсация алуу үчүн өз мүлкүн өзү атайын бузган учурлар дагы кездешет. Мисалы, Ош облусунун тургуну өз үйүн өзү өрттөп, бизге мүлкүм өрттөнүп кетти деген арыз менен кайрылган. Жеринде комиссия барып текшергенде сөзү кылган ишине дал келген эмес.

Жалал-Абаддын тургуну сарайын трактор менен түрттүрүп, жер титирөөдөн улам урап калды деп кайрылган. Комиссия текшергенде аны өзү атайын бузгандыгы аныкталган. Мындай учурлар аз эмес», - деди ал.

Ж.Эгамбердиеванын маалыматына караганда, жалпы Кыргызстан боюнча азыркы тапта 1 млн 17 миң үй бар. Камсыздандырууга келген үй ээлеринин дээрлик 80%нын тиешелүү документтери жок же толук эмес болгондуктан камсыздандыруудан өтө албай жатышат. Мындан улам керектүү документтердин саны кыскартылган.

Мындан тышкары, жалпы Ысык-Көл облусу боюнча мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын имараттарынын арасынан бир гана «Кыргыз почтасынын» Ак-Суу райондук бөлүмүнүн имараты камсыздандырылган.

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында жолугушуу учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар аталган уюм тарабынан элге маалымат жеткирүү иштери жакшы болбой жатканын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×