Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 17.12.2018 13:27

Караколдо «Аалам алпы – Айтматовго 90 жыл» адабий музыкалык кечеси өттү (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы облустук драм театрында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Аалам алпы – Айтматовго 90 жыл» аттуу салтанаттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кече лицейдин окуучулары тарабынан даярдалып, ал жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына арналды. Ага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү А.Осмоналиев, шаардын вице-мэри С.Өскөнбаев, облустук жана шаардык билим берүү мекемелеринин, ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, ата-энелер, окуучулар күбө болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде көркөм окуулар болуп, монолог айтылып, сахналаштырылган сценкалар коюлду. Ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, комуз чертилип, ыр жана бийлер аткарылды. Кече атайын көргөзмө менен коштолуп, соңунда республикалык «Эне тил жана Айтматов» аттуу кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×