Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.12.2018 16:22

Ысык-Көлдө 14 күндүк рейдде 50дөй мас айдоочу кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында 14 күндүк рейд жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, облустун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында ЖКККБнын взводунун командири, милициянын капитаны Азамат Айтбековдун жетекчилиги менен 1-декабрдан баштап бүгүнкү күнгө чейин профилактикалык рейддик иш-чаралар уюштурулуп келди.

Рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы боюнча 2500дөн ашуун протокол түзүлгөн. Мас абалында унаа башкарган 50гө жакын айдоочу кармалып, 70ге чукул унаа айып жайга токтотулду.

Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу багытында мектептерди кыдырып, балдарга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүү менен лекциялар окулду.

Мындай иш-чара облус боюнча окуучулар кышкы каникулга чыкканга чейин уюштурулмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×