Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.12.2018 12:50

Динара Акулованын багып өстүргөн апасы каза болду

Turmush -  Эмгек сиңирген артист Динара Акулованын таежеси — багып өстүргөн апасы Гүлүн Уркешова көз жумду. Ырчы буга чейин эки апасы бар экенин — бири жарык дүйнөгө алып келсе, экинчиси чоңойтконун айткан.

Ырчынын Жети-Өгүздөгү Светлая Поляна айылында жашап, маданият үйүн жетектеген бир тууган эжеси Гүлбара Акулова маркум 90 жашында көз жумганын билдирди. Ал бүгүн Каракол шаарында акыркы сапарга узатылат.

Жакында эле ырчы Каракол шаарында апаларынын 90 жана 80 жылдык мааракелерин өткөргөн болчу.

Гүлүн Уркешова

Динара Акулованын апасы
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×