Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.12.2018 17:34

Караколдо «Алга» спорт комплексин капиталдык оңдоого 8 млн сом керек (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы «Алга» спорт комплекси капиталдык ондоп түздөөгө муктаж. Бул тууралуу спортчулар билдиришкенин аймактык кабарчы маалымдайт.

Шаардык өспүрүмдөр спорт мектебинен алынган маалыматка караганда, спорт комплексте жалпы 200гө жакын бала машыгат. Учурда жуунучу жайы, дааратканасы, чатыры, тамдары жараксыз болуп калган.

«Оңдоп-түзөө иштерине жалпы 8 млн сом керек. Эмки жылдын эсебинен республикалык казынадан каражат бөлүп берүүнү өтүнөбүз. Бул жерде спортчулар каратэ, бокс, самбо, дзюдо, шахмат түрү боюнча машыгышат. Жаш спортчулардын келечекте ийгилик жратышына чоң түрткү болот деп ишенебиз», - дешти спортчулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×