Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.12.2018 21:10

Ысык-Көлдө шахмат боюнча облустук чемпионат башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-декабрда Ысык-Көл облусунда шахмат оюну боюнча облустук чемпионат башталды. Аймактык кабарчы маалымдагандай, ага облустун аймактарынан 130га жакын спортчу катышууда.

«Оюнду шахмат академиясы уюштуруп жатат. Чемпионат бардык жаш курактагылар арасында болот. Эркектер жана айымдар арасында дагы өтүп жатат», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Чемпионат 15-декабрга чейин уланып, жеңүүчүлөр медаль, дипломдор менен сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×