Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.12.2018 15:41

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 100 жылдык имаратты оңдоду (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарынын Гебзе жана Боронбай бий (мурдагы Октябрь) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ысык-Көл облустук телерадио компаниясынын кеңсеси толугу менен капиталдык ондоодон өттү. Ага Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду эки жыл катары менен акча каражатын бөлүп, имараттын ички жана тышкы жасалгасы толугу менен аяктаган.

Аталган фонд тарабынан 2017-жылы 2 млн 685 миң 367 сом акча каражаты бөлүнүп, ага имараттын ичи толугу менен ондолуп, эшик-терезелери жаңыртылган болчу.

«Бул имараттын 100 жылдан ашык тарыхы бар. Андыктан, тарыхый имаратты сактап калуу жана келечек муунга жеткирүү максатында ондоп-түзөө иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жалпысынан 4 млн 160 миң сом жумшады», - деп билдирди фонддун техникалык көзөмөлдөө боюнча башкы адиси Исламбек Дюнембаев.

Ал эми 2018-жылы 1 млн 474 миң 438 сомго имараттын сырты жасалып, чатыры жаңыртылып, айланасы курчалды. Ал иштерди жасаган жеке ишкер Касенов: «Аталган имараттын чатыры абдан эскирген. Ал талкаланып, суу өтө баштаган экен. Белгилүү болгондой, чатыр имарат үчүн абдан маанилүү. Эгер андан суу акса имарат аз убакыттын ичинде жарактан чыгат. Ошондуктан алгач имараттын чатыры алмаштырылып, маттуу черепица (матовая) менен жабылды. Имараттын айланасы курчалып, сырты шыбалып, толук капиталдык оңдоодон өттү», - деп кошумчалады.

Бул имарат өлкө жана Ысык-Көл облусу үчүн мааниси зор. Себеби, ал Кыргызстанда ачылган биринчи китепкана болуп эсептелет. Улуу илимпоз, саякатчы Н.М.Пржевальский каза болгондо анын замандаштары, достору П.К.Козлов жана В.И.Роборовский анын урматына дал ушул имаратты китепкана кылып ачышкан. Имарат 1902-жылы, 14-майда жыгачтан ашталып, эки кабат болуп курулган. Анын тарыхы Каракол шаарынын пайда болушу менен тыгыз байланышта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×