Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.12.2018 12:13

Караколдо студенттер арасында «Адам жана аалам» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Каракол шаарында орто жана кесиптик окуу жайлар арасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Адам жана аалам» аттуу сынак өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ысык-Көл облустук жаштар иштери жана дене тарбия, спорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Зария Орозоеванын айтымында, сынакта 5 команда күч сынашты.

«Сынак жазуучунун жашоосу, чыгармачылыгы аркылуу жаштарга тарбия, билим берүү, аларды адамгерчиликке, ыймандуулукка, маданияттуулукка, мекенди сүйүүгө үйрөтүүнү көздөйт. Ошондой эле жазуучунун чыгармачылыгын жаштарга таанытуу максаты бар», - дейт З.Орозоева.

Анын айтымында, сынак 2 этап менен өттү. Биринчи этапта эссе жазуу, поэзия окуу жана театрлаштырылган номур аткаруу тапшырмасы берилген. Экинчи этабы оозеки болуп, анда студенттер жазуучунун чыгармалары жана өмүр баяны боюнча суроолорго жооп беришти.

Соңунда 1-орунду Юридикалык институттун студенттери багындырды. Ал эми 2-орунду И.Ахунбаев атындагы медициналык колледждин студенттери, 3-орунду И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин командасы алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×