Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.12.2018 14:12

Караколдо «Айтматов сүрөт дүйнөсүндө» аттуу көргөзмө ачылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы сүрөтчүлөр галереясында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Айтматов сүрөт дүйнөсүндө» аталыштагы көргөзмөнүн ачылышы болду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылышка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, шаар тургундары катышты. Иш-чарада Ысык-Көл жергесинин сүрөтчүлөрү тарткан 50гө жакын эмгек коюлду. Анда мыкты тартылган сүрөттөр үчүн байге фонду 100 миң сом болгон. Бул көргөзмө бир айга созулат.

«Көргөзмө мэриянын, сүрөтчүлөр союзунун жардамы менен уюшулду. Анда 50гө жакын эмгек жана графика, колдонмо кол өнөрдүн эмгектери коюлду. Сүрөтчүлөр жазуучунун чыгармасы боюнча ой толгоосун, ар кандай көз карашын чагылдырышкан», - дейт сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Алайбек Орозобаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×