Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.12.2018 13:51 Жаңыланды: 11.12.2018 18:06 На русском

Айыл турмушу: Караколдук Тахир жогорку маяналуу ишин таштап, флорист болду (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Тахир 18 жылдан бери гүл сатуучу болуп иштеп, акыркы 3 жылдан бери өзүнүн гүл сатуучу чакан дүкөнүн иштетүүдө.

47 жаштагы Тахир Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 1989-жылы А.Жданов атындагы мектепти окуп бүтүргөн. Аскердик кызмат өтөп келген соң, жыгач уста адистиги боюнча техникумда окуган. Каракол шаарында таксист болуп иштеген. Андан кийин Ысык-Көлдө алтын кен казуучу ири компанияга жумушка орношуп, бирок ал дагы жүрөгүнө жакын иш эмес экенин сезген.

«Кен казуучу компаниядагы жогорку маяналуу ишимди таштап, гүл сатуучу дүкөнгө сатуучу болуп орноштум. Жумушту тааныштарым сунушташты. Бир аз убакыт өткөндөн кийин бул мага жаккан иш экенин түшүндүм. 18 жыл сатуучу болуп иштеп, 3 жыл мурун гүл сатуучу чакан дүкөн ачтым. Тапкан кирешем үй-бүлөмдү багууга жетет, жумушум өзүмө жагат», - дейт ал.

Тахир 1998-жылы үйлөнгөн. Жубайы Казакстанда төрөлгөн.

«Мен анда таксист болуп иштечүмүн. Болочок жубайым менен капыстан эле таанышып калдым. Ал мага дароо эле жаккан. Экөөбүз бат эле баш коштук. Учурда 4 балабыз бар. Улуу кызым бизге небере белек кылды. 21 жыл бирге жашадык. Жакындарым жанымда, балдарым аман-эсен, ооруу-сыркоодон алыспыз. Мунун баары бакыт да. Мен флорист болуп иштешиме жубайым каршы болгон жок. Бизде гүл менен бир гана аялдар иштеши керек деген ой сиңип калган, бирок эркектер дагы бул ишти мыкты аткара алышат», - дейт ал.

Тахир гүлдөрдү Кениядан, Голландиядан, Африкадан, Кытайдан буюртма менен алып келет.

«Башка өлкөдөн алынып келген гүлдөр кымбат турат, бирок алар көпкө чейин соолубайт. Көбүнчө роза гүлүн кардарлардын 95%ы алышат. Кээ бирлери 101 роза гүлгө буюртма беришет. Мисалы, биз ошондой букетти 14 миң сомго сатканбыз. Майрам учурунда көбүнчө эркектер келишет. Азыр көпчүлүгү гүлдүн өзүнө эмес, аны орогон кагазына көңүл буруп калышты. Адам сырты эмне менен оролгонуна эмес, ичиндеги гүлгө көбүрөөк маани бериши керек деп ойлойм», - дейт Тахир.

Ал эми Тахирдин жубайы гүлдү анча жактыра бербейт, бирок ага карабай жубайына гүл белек кылып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×