Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.12.2018 08:40 На русском

Погончон айым: Генерал болууну кыялдануу, Тилекмат акенин урпагы: Капитан айым К.Бейшенбаева 10 жылдан бери милицияда эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну Каиргүл Бейшенбаева 10 жылдан бери Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы погончон айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Ата-энеси пенсияда. Апасы 40 жылдан ашуун убакыт мектепте мугалим болуп эмгектенген. Азыркы тапта «Билим берүүнүн отличниги».

«Бул кесипти тандаганымдын чоң себеби деле жок болуш керек. Атамдын бир туугандарынын бири банкир, экинчиси дарыгер, дагы бир агасы улуттук коопсуздук кызматында иштеди. Мен ал адамды карап суктанып, мен дагы форма кийип иштесем деп тилек кылчу элем. Таежем Ысык-Көл облустук сотунда сот болуп иштечү эле. Ошол себептен улам сот болом же милиция кызматкери болуп иштейм деп тилек кылып жүрдүм. Ошол бала кездеги кыялым орундалып, ички иштер органында иштеп калдым.

Бул кесиптин башка кесиптерден өзгөчөлүк жагы өтө көп. Аялзаты экенибизге карабай эл-жердин тынчтыгын, коопсуздугун камсыздоодо эркек кызматкерлерибиз менен теңтайлашып, алардан кем калышпай иш алып барабыз. Ал эми кесибимдин оордугу боюнча айта кетсем, биздин элибиздин менталитетинде аялзаты үйдө отуруп, бала тарбиялоо милдетин аткарышы керек деген түшүнүк калыптанып калган. Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн дегендей бирге иштеген кесиптештериң ар тараптан колдоо көрсөтүп турса кесиптин оордугу деле билинбейт», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле учурда милициянын капитаны экенин белгиледи.

«10 жылдан бери Каракол ШИИБдин учёттук каттоо-тактоо статистикалык бөлүмүнүн ага нускоочусу болуп эмгектенип келем. Учурда милициянын капитанымын. Бул кесипти тандаганыма эч качан өкүнгөн эмесмин. Мындан ары дагы элиме кызмат кыла берем деген үмүтүм чоң. Укук коргоо органдарында иштөө мен үчүн чоң сыймык», - деди ал.

Каиргүл айым мындан тышкары 1 уул, 1 кыздын апасы экенин кошумчалады.

«Ар бир адам мыкты, эл суктанарлык үй-бүлө курууга аракет кылат эмеспи. Биз дагы жолдошум экөөбүз үйлөнүп, 1 уул, 1 кыздын ата-энеси болдук. Бирок айрым себептерден улам эки ажырым жолго түштүк. Азыркы күндө сүйүктүү жар болбосом дагы 2 балама мээримдүү энемин. Уулум Ариет 9 жашта, 2-класста окуйт. Кызым Айбийке 5 жашта, бала бакчада тарбияланууда. Менин балдарым — менин сыймыгым, менин чоң ишеничим, жашоомдун маңызы. Алардын кичинекей жетишкендиктери дагы мага опол тоодой бакыт тартуулап турат.

Азыркы бала кыялыбы ким билсин, бирок кызым Айбийке дайыма келечекте менин кесибимди улантам деген оюн айтат. Менин форма кийип жумушка чыгып жатканымды көрүп суктанат окшойт. Уулум Ариет болсо хирург, кээде тиш дарыгери болом деген кыялдарын айтып калат. Алардын тилектери, кыялдары жан дүйнөмдү байытып, ишиме чоң күч-кубат берип турат», - деди капитан.

Каиргүл айымдын алдыда генерал айым болсом деген кыялы бар.

«Эң биринчи максатым — уулум менен кызыма татыктуу тарбия берүү. Эл адамы болгондон кийин эл ишеничин актоо, мекенге талыкпай, ак дилден кызмат кылуу керек. Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири Тилекмат аке менин алтынчы чоң атам болгон. Тилекмат акенин элине берген «көбөйсөк азайбайлы, толсок бөксөрбөйлү, узарсак кыскарбайлы, күлсөк кайгырбайлы» деген жакшы батасы бар. Ошондуктан жалпы элиме көбөйүү үчүн, толуп-ташуу үчүн, уучубуз узаруу үчүн, күлүп жашоо үчүн эң биринчи ден соолук, тынчтык каалайм», - деди капитан айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×