Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.12.2018 13:52

Караколдуктар адам укуктарынын тебеленишине каршы жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата жөө жүрүш өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жөө жүрүшкө шаардын тургундары, бейөкмөт уюмдар, студенттер, укук коргоочулар катышты. Жүрүш шаардык мэриядан башталып, шаардык соттун имаратына чейин уланган. Катышуучулар адам укугунун сакталышын көзөмөлдөөчү ар бир мамлекеттик мекеменин алдына барып, адам укугунун тебеленишине каршы экенин билдиришти.

«Декларация 70 жыл мурда кабыл алынганына карабай, учурда адам укугу тебеленген учурлар, кыйноолор болуп келет. Биз жалпы адам укугунун бузулушуна каршыбыз. Адам укугу сакталышы керек», - дейт Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлү Айдай Алымова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×