Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.12.2018 13:07 На русском

Сеит Өскөнбаев Каракол шаарынын биринчи вице-мэри болду

Turmush -  Бүгүн, 10-декабрь күнү Каракол шаардык кеңешинин XXV кезексиз сессиясы өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сессияга 31 депутаттын ичинен 25 депутат катышты. Күн тартибинде эки маселе — Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин шайлоо жана Каракол шаарындагы катуу шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн каражат бөлүү каралды.

Жыйынтыгында 16 добуш менен биринчи вице-мэр болуп Сеит Өскөнбаев шайланды. Ага жергиликтүү депутаттар 3 ай мөөнөт берип, бул убакта өз ишин көрсөтүшү керектигин айтышты.

С.Өскөнбаев учурда шаардык кеңештин депутаты («Республика»). Ал 1974-жылы 14-ноябрда төрөлгөн. Жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×