Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.12.2018 21:48 На русском

Караколдо үйдүн алдында токтоп турган жол тандабасты уурдап кетишкен (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында буга чейин белгисиз адамдар тарабынан уурдалган автоунаа табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн нускоочусу Рысменди Бейшен уулу билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 4-декабрында Каракол шаарынын тургуну Г.А. (аял киши) Алдашев көчөсүндөгү үйүнүн алдында токтоп турган "Тайота Сурф" үлгүсүндөгү унаасы жоголгонун билдирип, милиция кызматкерлерине кайрылган.

Каракол ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн нускоочулары шектүүлөрдүн изин суутпай кармады. "Притон" операциясынын жүрүшүндө Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылынын 1964-жылы төрөлгөн тургуну К.Т., Чоң-Өрүктү айылынын 1986-жылы төрөлгөн тургуну Н.Э. жана Каракол шаарынын 1997-жылы туулган тургуну Т.Д. колго тушүрүлдү. Шектүүлөрүкүнөөсүн мойнуна алып, аларга карата кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×