Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.12.2018 16:02

Ысык-Көлдө 20 мас айдоочу кармалып, 19 коомдук унаанын ээсине айып салынды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында 3-9-декабрь күндөрү «Коомдук унаа» аттуу рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Рейд учурунда жол кыймылынын эрежелерин бузган 200дөн ашуун айдоочуга протоколдор түзүлүп, мас абалында унаа башкарган 20 айдоочу кармалды. Ошондой эле, 30дай унаа айып жайга токтотулду.

Облустун аймагында жүргүнчү ташуу кызматын көрсөткөн мекемелерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, жүргүнчү ташууда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгы үчүн 2 мекеменин жетекчисине протокол түзүлүп, аларга 5000 жана 10000 сом айып салынды. Мындан сырткары, жүргүнчү ташуунун талаптарын бузгандыгы үчүн 19 унаанын айдоочуларына протоколдор түзүлүп, административдик айыптар салынды.

Мындай иш-чаралар ЖКККнын кызматкерлери тарабынан дайыма уюштурулуп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×