Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.11.2018 10:05 На русском

Сүрөт: Караколдо 27 жаштагы келин башкарган унаа мамыны сүзүп, талкаланды

Turmush -  Караколдо жогорку ылдамдыкта бара жаткан унаа электр мамысын сүзүп, талкаланды. Унааны 27 жаштагы келин башкарып жүргөнү маалым болду, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Окуя бүгүн, 7-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда болгон. Ал 1991-жылы төрөлгөн айдоочунун башкаруусунда Абдрахманов көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан. Абдрахманов жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинен жергиликтүү тургун башкарууну жоготуп, унаа электр мамысын сүзгөн.

Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен «Телекомго» караштуу электр мамы жана унаа жараксыз абалга келди. Ал эми айдоочу келин менен анын жанындагы күйөөсүнө медициналык жардам көрсөтүлдү.

Учурда бул факты боюнча тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×