Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.11.2018 14:59

Караколдо жарым гектар жерге көчөткана уюшулууда (фото)

Turmush -  Каракол шаарын көчөттөр менен камсыз кылуу үчүн көчөткана уюштурулуп жатат. Бул тууралуу «Жашылдандыруу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жалпы 0,50 гектар жерге тосмо орнотулууда.

«Ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү отургузууну пландаштырып жатабыз. Терек, тал, эмен, карагай, кызыл карагайдын көчөттөрүн отургузабыз. Аларды чоңойткондон кийин шаардын аймагына тигилет», - деп билдиришти аталган ишканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×