Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.11.2018 17:33

Өзү тоногон үйгө кайрадан барып, тамактанып, эс алган кишини үй ээси кармады

Turmush -  Каракол шаардык соту мурда соттолгон Айбектин (аты өзгөртүлдү И.А.И.) кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айбек эмне үчүн айыпталып жатат?

Айбек 2013-жылы 24-февралда болжол менен саат 18:00дө Каракол шаарындагы Кадыров көчөсүнүн аймагында жайгашкан турак үйгө үй ээсинин жоктугунан пайдаланып кирип, «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унаанын тетиктерин уурдап чыккан. Андан соң аны 400 сомго сатып, акчаны өзүнүн керектөөлөрүнө жумшаган. Эртеси күнү кайрадан аталган үйгө барган. Бирок жабырлануучуга кармалып калган.

Айбек өзү эмне дейт?

- 2013-жылы февралда Каракол шаарына иштөө үчүн келгем. Таежемдин үйүндө жашачумун. Болжол менен эки жумадан кийин жумуш издеп, сыртка чыккам. Бирок жумуш тапкам жокмун. Кечинде таежемдин кошунасынын үйүнө бардым. Дарбаза ачык болчу. Короого кирсем үйдүн эшигинде кулпу илинип туруптур. Аны тартсам эле ачылып калды. Үйгө кирип, кире бериштен унаанын запастык бөлүктөрүн көрдүм. Аларды алып базар бардым. Ал жердеги кафенин жанынан таксистке 400 сомго саттым. Акчаны өзүмө короттум. Андан соң, базарда жүрдүм. Жатканга жер жок болгондуктан кайрадан аталган үйгө бардым. Үйдө эч ким жок болчу. Тамактанып, андан соң уктап калдым. Эртең менен үйдүн ээси аялы менен келди.

Сотто Айбек бул ишине өкүнөрүн жана материалдык чыгымды төлөгөнүн билдирди.

Жабырлануучу эмне дейт?

- Үй мага таандык. Бирок башка даректе жашайм. 2013-жылы 25-февралда Кадыров көчөсүндө жайгашкан үйүмдү көргөнү баргам. Үйдөн чала тааныш Айбек аттуу жигит качып чыкты. Аны колго түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп бердим. Үйдөн унаанын запастык бөлүктөрү жоголуптур. Үй болсо чачылып калыптыр.

Жыйынтыгында сот Айбекти күнөөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×