Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.10.2018 13:03

Караколго Кытайдан атайын делегация келди (фото)

Turmush -  Каракол шаарына Кытайдан атайын делегация келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

2016-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын ички иштер бөлүмү жана Кытай Эл Республикасынын Нанкин шаарынын коомдук коопсуздук башкармалыгынын ортосунда келишим түзүлгөн. Бул келишимдерге ылайык кылмыштуулук жана терроризм, баңги кылмыштуулугу менен күрөшүү, мыйзамсыз миграция жана укук коргоо органдарына тийиштүү маселелер боюнча кызматташуу каралган.

Анын алкагында 2017-жылы Каракол ШИИБдин делегациясы Нанкин шаарындагы коомдук коопсуздук башкармалыгында болуп, анда кытай кесиптештеринин ишмердүүлүгү менен таанышып келишкен.

Эми Кытайдан келген делегациянын иш сапарынын алкагында ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлөт. Анда кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мындан ары кызматташуунун маселелери каралат. Ошондой эле кытай тарап Каракол ШИИБдин коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×