Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 30.10.2018 15:10

«Сиз деңгээлиңизди көрсөттүңүз», - өкүл А.Осмоналиев Ысык-Көлдөгү жетекчиге

Turmush -  Бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Эсенбек Сатылкановдун ишмердүүлүгү боюнча өзүнүн пикирин билдирди.

Өкмөттүн өкүлү координатордон облустун медициналык мекемелеринин жетекчилери арасында анын кадыры канчалык экенин сурап, канааттандырарлык жооп алган жок.

«Сиз өзүңүздүн деңгээлиңизди жана кесипкөйлүгүңүздү көрсөттүңүз. Эми сиздин кандай жетекчи экениңизди жана эмне үчүн силердин атыңызга даттануу түшүп жатканын түшүндүм. Буга чейин эмне үчүн сиздин дарегиңизге дайыма арыз түшүп жатканын түшүнчү эмесмин. Менин суроомо жооп берген деңгээлиңизди көрдүм. Сиз майдачыл болуп, өзүңөрдү эмес, айланадагы адамдарыңарды күнөөлөп жатасыз», - деди өкүл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×