Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 30.10.2018 13:55 На русском

Жети-Өгүздүн акими аялы тууралуу айтылган сын пикирге жооп кайтарды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндөгү коллегияда Жети-Өгүз районунун жашоочулары 10 млн сом кошкон компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат айтылды.

Өкүлдүн орун басары Дамир Монолдоров өзүнүн докладында билдиргендей, ушул жылдын 9 айында облустун аймагында 23 митинг уюштурулган. Каракол шаарында 8, Ысык-Көл районунун аймагында 5, Балыкчы шаарында 2, Түп районунда 1, Жети-Өгүз районунда 7 митинг өткөн. Алардын ичинен 16 митингдин маселеси облустун деңгээлинде чечилген. Калган 8 митинг боюнча маселе дагы деле чечилбей келет.

Андан кийин Д.Моңолдоров Жети-Өгүз районунун акими Калыс Жудеевдин жубайы — райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери С.А. менен биргеликте жергиликтүү тургундарды «S» компаниясына мүчө болууга, алгач каражат салып, кийин аны көбөйтүп алууга үгүттөшкөнүн билдирди.

«Жергиликтүү тургундар ага ишенип алышып, көпчүлүгү чоң суммадагы акча беришкен. Бирок эми алардын арызына караганда, алар акчаларын кайтарып ала албай жатышат. Тургундар акимдин аялына ишенишкендиктен бул компанияга акча салып, киришкенин айтышууда», - деп билдирди өкүлдүн орун басары.

Өз кезегинде К.Жудеев материалдар Ысык-Көл ОИИБдин кароосунда экенин билдирди.

«Бул боюнча айтылып жаткан жетекчи кызматынан бошотулду. Мыйзам баардыгына бирдей иштейт деп ойлойм. Бул маселе боюнча акыркы чечимди сот чыгарат», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×