Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 30.10.2018 12:49

Ысык-Көл облусундагы коллегияда жаңы 4 жетекчи тааныштырылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө ушул жылдын 9 айында аткарылган социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коллегияда облус башчысы Акылбек Осмоналиев облустун активине Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын жаңы мэрлерин жана Кумбел жана Түп айыл округдарынын жаңы башчыларын тааныштырды.

Коллегиянын жүрүшүндө 9 айдын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жана облустагы суу түтүктөрүнүн, ичүүчү суунун техникалык жана санитардык абалдары боюнча эки маселе каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×