Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.10.2018 11:28 На русском

9 айлык кызын апасына таштап, Түптөн Бишкекке кеткен Кымбат изделип жатат

Turmush -  Түп районундагы Долон айылынын 22 жаштагы тургуну Акылбек кызы Кымбат Бишкек шаарына кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Кымбаттын апасы Мира Кенжекараева бүгүн, 29-октябрда Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Кызым Акылбек кызы Кымбат Бишкек шаарында тигүүчү болуп иштеп жүрчү. Турмушка чыгып, бирок келишпестиктерден улам эки жолго түшүшкөн. 9 айлык кызын мен багып жатам.

Кызым 7-октябрь күнү Долон айылындагы үйүбүзгө келип, 3 күн жүрүп, 10-октябрда Бишкек шаарына кайра кеткен. Үйдөн саат 15:00 чамасында чыккан эле. Саат 17:00 чамасында Түптүн борборундагы автобекеттен чоң атасына жолугуп, "унаа чыкты, шаарга кетип жатам" деп айткан экен. Кечинде саат 22:00 чамасында телефонуна чалсам эч ким жооп берген жок. Эртеси чалсам, өчүк болуп калды. Ошондон бери дайынсыз болуп жатат. 20-октябрда чоң атасы көз жумду.

Кызымды көргөн-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнөм», - деди М.Кенжекараева.

Кымбаттын апасы Мира Кенжекараева менен байланыш номуру: 0709 91 38 33.

Кымбат

Кымбат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×