Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.10.2018 14:43

Караколдуктар нааразы болгондон кийин электр энергиянын сапаты текшерилүүдө

Turmush -  Каракол шаарынын тургундары электр энергиясынын сапатына нааразы болуп, шаардык кеңешке жана мэрияга кайрылгандан кийин жумушчу топ түзүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, топтун курамына депутаттар, мэриянын өкүлдөрү, юрист жана активисттер болуп жалпы 16 адам кирген. Учурда алар округдарды кыдырып, электр энергиянын сапатын текшерүүдө.

Тургундар суук мезгилде электр энергиясынын кубаттулугу азайып жатканы, улам улам электр энергиясын үзгүлтүккө учурашы, 3 жыл мурда республика боюнча суу тартыштыгынан киргизилген убактылуу тарифтин учурда да сакталып жатышы, электр энергиясынын баасынын кымбаттыгы боюнча кайрылышкан.

Учурда атайы прибордун жардамы менен электр энергиясынын кубаттулугу ченелип жатат. Ошондой эле шаардык электр тармактар ишканасынын иши каралууда. Жыйынтыгында комиссиясынын чечим шаардык кенешке берилет. Эл өкүлдөрү Аны өз кезегинде өкмөткө жолдошорун комиссия мүчөлөрү билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×