Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.10.2018 17:20

Караколдо Баткен окуясынын ардагерлерине материалдык жардам берилди (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы А.С.Пушкин эс алуу багында Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алгач Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин элесине арналып тургузулган эстеликтерге гүлчамбар коюлду. Ошондой эле куран окулуп, асманга залп атылды.

Иш-чарада бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөткөн, өлкөсү үчүн курман болгон жоокерлердин эрдиктери айтылды. Ошондой эле жергиликтү бийлик тарабынан ардагерлерге жана алардын жесирлерине материалдык жардамдар берилди.

1999-жылы август айынын башында диний экстремисттердин тобу Кыргызстандын түштүгүнө басып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Алар милициянын, райондук администрациянын кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн.

Динге жамынган террорчулардын бул аракети кыргыз өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Республиканын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры менен аттанышкан. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, айрымдары бул кармашта курман болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×