Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.10.2018 09:29

Караколдо мыйзамсыз коюлган күркөлөр алынды (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базарынын айланасындагы Жамансариев көчөсүндө мыйзамсыз коюлган күркөлөр алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин соодагерлерге эскертүү берилген. Эскертүүнү эске албаган соодагерлерге таандык мыйзамсыз коюлган эки күркө милициянын жардамы менен алынды.

Ошондой эле, базардын айланасында тротуар чыгып, соода кылган адамдарга эскертүү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×