Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.10.2018 20:59

Караколдун жолдору кардан тазаланып, кум, туз себилип жатат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын жолдорундагы карды күнүгө 5 техника тазалап жатат. Бул тууралуу жол муниципалдык ишканасынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жолдорго туз аралаш кум чачылып жатат.

«Быйыл кар эрте жаагандыктан жолдорго кум, туз чачуу иштери жылдагыдан көбүрөөк жүргүзүлөт. Бирок каражаттын тартыштыгынан 150 тонна кум, 15 тонна туз жаңы жылга чейин сарпталат деп пландалууда. Учурда 3 тонна туз, 150 тонна кум даяр», - деп билдиришти аталган ишканадан.

Техникалардан сырткары 4 кызматкер иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×