Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.10.2018 17:26

Караколдогу машыгуу: Базардагы контейнерден чыккан өрттү 2 мүнөттө өчүрүштү (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базарында өрт кырсыгын алдын алуу боюнча машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМдин Каракол шаары боюнча бөлүм башчысы Адис Кыдыкбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган аймакта эл көп болгондуктан тилсиз жоону алдын алуу иш-чарасы уюштурулду.

«Машыгууга 2 эсептик күч тартылды. Анда эки өрт өчүрүүчү унаа жана 8 кызматкер машыгуудан өттү. Контейнерге жасалма өрт коюлуп, кызматкерлер окуя болгон жерге 4 мүнөттө келип, өрттү эки мүнөттүн аралыгында өчүрүштү», - деди подполковник А.Кыдыкбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×