Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.10.2018 15:13

Комсомолдун 100 жылдыгына легендарлуу парламенттин депутаты З.Мукашев баш болгон ардагерлер чогулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 19-октябрда Каракол шаарында Комсомолдун 100 жылдыгы белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, Комсомолдун ардагерлери, активисттер В.Лениндин, Ж.Абдрахмановдун, «Жеңиш» багындагы Советтер Союзунун Баатырларынын айкелдерине гүлчамбар коюшту. Андан соң К.Жантөшев атындагы театрда иш-чара башталып, ага облус башчысы баш болгон жетекчилер катышты.

Иш-чарада мурдагы комсомолдор өткөн күндөрүн, жасаган иштерин, жалындуу жаштыктарын эскеришти.

Комсомолдун ардагери Замир Мукашев Тоң районундагы Комсомолдун 50 жылдыгы атындагы совхозунда баштапкы комсомолдук уюмдун катчысы болгон күнүн эскерди. Ал 1983-1986-жылга чейин Тоң райком комсомолдук комитетинин биринчи катчысы болуп эмгектенип, коммунисттик партияга өткөн. Замир Мукашев айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, легендарлуу парламенттин депутаты, «Руханият» эл аралык ассоциациянын сыйлыгынын ээси, Айыл чарба илимдеринин кандидаты. Учурда саяпкерлик менен алектенет.

«Комсомол бул бүтүндөй тарых, бүтүндөй доор. Ошол кездеги жаштар комсомол аркылуу тарбия көрдүк. Чынын айтыш керек, кээде ошону жоктойбуз. Ал кезде комсомол бизди эл менен иштөөгө тарбиялап, бирибиз чарбага, бирибиз партиялык ишке, бирибиз өндүрүшкө кеттик. 100 жыл деген чоң мөөнөт. Албетте, бүгүнкү күн көкүрөгүбүздү козгоп жатат. Биз комсомолдук уюмдун эски мүчөлөрү бүгүн өткөн күндөрдү эстеп, кубанып турабыз», - деди ал.

Бул күнү Караколго Ленин комсомолунун 300дөй ардагери чогулган жана аталган уюмдун тарыхына арналган көргөзмө уюшулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×