Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.10.2018 18:01

Ысык-Көлдө жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын кышка даярдыгы текшерилди (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын нускоочусу Рысменди Бейшен уулу маалымдады.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарын алдын алуу максатында унаа жолдордун абалын изилдеп чыгып, тайгак болгон жолдорго атайын каражаттарды чачуу үчүн жол чарба ишканаларга жазма буйруктар берилген.

«Берилген жазма буйруктардын негизинде эл аралык маанидеги Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол, Балыкчы—Ананьев—Каракол, Каракол—Эңилчек унаа жолдоруна жана Каракол шаарынын көчөлөрүнө атайын каражаттар чачылды. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын кышкы дөңгөлөктөрү текшерилип, жалпы эле айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деди Р.Бейшен уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×