Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.10.2018 13:21

Ысык-Көлдө 9 айда экстремисттик маңыздагы китептерди сактоо боюнча 41 факт аныкталды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда ушул жылдын 9 айында мыйзам тыюу салган адабияттарды сактоо боюнча 41 факт аныкталып, алар боюнча атайын экспертиза дайындалды. Бул тууралуу ОИИБдин экстремизм, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Арсен Самаев мугалимдер менен жолугушууда билдирди.

А.Самаевдин айтымында, облуста 200 адам мыйзам тыюу салган экстремисттик диндерди тутунгандыгы боюнча каттоодо турат.

«Облуста диний абал туруктуу. Бирок айрым экстремисттик динди туткан жарандар бар. Аларды каттоого алып, балдары менен тыгыз иш жүргүзөбүз. Облуста 12 бала коркунучта болчу. Жергиликтүү бийлик, билим берүү тармагы менен бирге иш алып барып жатып, алар мектепке тартылды. Облустун аймагында мектептерде 600гө жакын лекцияларды уюштуруп, алдын алуу иштерин жүргүзүп жтабыз», - дейт ал.

Экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү үчүн учурда Каракол шаарынын мектептеринин социалдык педагогдору жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен жолугушуу болду.

Ага шаардын имам хатиби Талант Сабриков, облустук ИИБ башчысы Октябрь Урманбетов катышып, эстремизмдин алдын алууда бирге иштөөгө чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×