Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.10.2018 11:30 На русском

Улуттук стиль, булгаары отургучтар: Караколдогу депутаттардын жаңы жыйын залы (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаардык кеңешинде эки иш бөлмө бириктирилгенден кийин жаңыланган жыйындар залы пайда болду. Имарат муниципалдык мекеменин балансында болгондуктан оңдоо иштерин мэрия жүргүздү.

Оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана жаңы эмректерди сатып алууга тендер жарыяланган болчу. Жаңы зал улуттук стилде жасалгаланып, шып мамлекеттик туу жана жыгачтан жасалган түндүк менен кооздолгон. Түндүктүн айланасына орнотулган 8 көзөнөккө боз үйдүн жасалгасы болгон чачыла тагылат. Сегиз көзөнөк шаардагы 8 аймакты түшүндүрөт. Мындан тышкары дубалдарга да оймо-чиймелер түшүрүлгөн.

Ал эми жыгач отургучтар Каракол шаарында жасалган, тактап айтканда фабриканыкы эмес. Башка эмеректер да шаардагы эмерек дүкөндөрүнүн биринде даярдалды. Жыйын залына сыналгы, проектор, ар бир депутаттын креслосуна микрофон коюлду. Терезелердин бет маңдайындагы дубалга Манас атанын жана Ысык-Көлдөн чыккан жети атанын сүрөтү илинди. Эми Каракол шаарындагы кооз жерлерди чагылдырган сүрөт илүүнү пландап жатышат. Ошондой эле залга сигнализация жана өрткө каршы система да орнотулду.

Зал Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине карата оңдолду. Эми бул жерде сессия өтүп, расмий коноктор кабыл алынат.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, залдагы булгаары креслолордун ар бири 5 миң 156 сом, (жалпы 40 кресло), 2 шкаф 7 миң 285 сомдон, 30 отургуч 1 миң 821 сомдон сатылып алынган. Ал эми трибунанын баасы 3 миң 233 сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×