Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 17.10.2018 14:20 На русском

Караколдун жаңы мэри Адыл Каниметов расмий түрдө жумушуна киришти (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын жаңы мэри Адыл Каниметов бүгүн, 17-октябрда расмий түрдө жумушуна киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мэр мэриянын аппаратынын жана бардык түзүмдөрдүн кызматкерлерине тааныштырылып, тиешелүү күбөлүк тапшырылды.

Буга чейин 12-октябрда шаардык кеңештин сессиясы болуп, анда мэр шайланганы маалымдалган. Шайлоонун жыйынтыгы менен А.Каниметов 18 добуш алып, мэр болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×