Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.10.2018 20:56

Караколдо жоокерлерге экстремизмдин алдын алуунун жолдору үйрөтүлдү (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндө «Экстремизм жана терроризм — жалпыбыздын көйгөйүбүз» аталышындагы сабак өтүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Сабактын жүрүшүндө террорчулуктун алдын алуу, аны менен жалпылап күрөшүү жолдору талкууланды. Ошондой эле шаардын имам хатиби Талант Сабриков аскерлердин диний маселелерге байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Иш-чарага Каракол ШИИБдин ага ыкчам кызматкерлери, милициянын подполковниги Нурзат Каптагаев катышып, экстремизмдин алдын алууда ар бир жарандын ролу чоң экенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×