Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.10.2018 13:55 На русском

Караколдо мэриянын имараты 3,5 млн сомго оңдолуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында мэриянын имараты 3,5 млн сомго оңдоодон өтүп жатат. Ушул жылы жайында тендер өткөрүлүп, оңдоо иштери июль айында башталганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоп-түзөө иштерине каражат дем берүүчү грант аркылуу бөлүнгөн.

«Тендер 2,8 млн сомго өткөрүлүп, дагы 700 миң сом каралган. Учурда имараттын 1-2-3-кабаттары оңдолууда, ошондой эле эшик-терезелер, санитардык түйүндөр алмаштырылат. Мындан тышкары бардык иш бөлмөлөр капиталдык оңдоодон өтөт», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Оңдоо иштери ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Мэриянын имараты 1970-жылдары курулуп, алгач эмкана катары колдонууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×