Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.10.2018 13:44 На русском

Ысык-Көлдө маммологдор аялдарды акысыз текшерип жатышат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында дарыгерлер аялдардын ден соолугун текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу «Аялдардын демократиялык тармагы» коомдук фондунун аткаруучу директору Гүлжан Байбетова билдирди.

Анын айтымында, октябрь айында дүйнө боюнча жүрүп жаткан «Кызгылт тасма сенин шаарыңда» акциясы Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулду.

«Буга чейин бул акцияны Ош облусунда өткөрдүк. Октябрь айынын башында Бишкектин жаңы конуштарында аялдардын ден соолугун текшерсек, учурда Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган аялдарды текшерип жатабыз. Кыргызстанда медицина бекер эмес, онкологиялык оорулардан дарылануу чоң акча турат. Акция Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасы менен бирге онкология бөлүмүндө өтүп жатат.

Биз үч дарыгерди алып келдик жана хирургдардын ар бири тажрыйбалуу, илимий даражага ээ. Алар бейтаптардын ар бир суроосуна жооп берип, текшерип жатышат. Аймактардан кайрылуулар түшүүдө, бардык аймактарга барууга аракет кылабыз», - деди ал.

Ал белгилегендей, маммологдор аялдарды акысыз текшерип жатышат жана текшерүү 3 күнгө уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×