Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.10.2018 09:29

Караколдо жаштар арасында кичи футбол боюнча «Ынтымак-2018» турнири өттү (фото)

Turmush -  Каракол шаарында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кичи футбол боюнча жаштар арасында «Ынтымак — 2018» турнири болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Мелдештин ачылышына шаардык кеңештин депутаттары, спортчулар катышты. Жаштардын ынтымагын чыңдоо максатында уюштурулган турнирде кичи райондордон, мектеп, жогорку жана орто окуу жайлардын атынан 10 команда беттешти.

Жыйынтыгында биринчи орунду «Некрасов» командасы багынтты. Экинчи орунду «1-Май» командасы, 3-орунду «Кашка-Суу» командасы ээледи.

Байгелүү орундарга ээ болгон командалар 1-2-3 даражадагы диплом, кубоктор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле «Мыкты коргоочу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты оюнчу» жана «Мыкты дарбазачы» номинациялары ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×