Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.10.2018 11:56

Караколдо чейрек кылым иштебей турган күнөскананы калыбына келтиришет (фото)

Turmush -  Каракол шаарында чейрек кылым иштебей турган күнөскананы калыбына келтиришет.

«Зеленстрой» коммуналдык ишканасынын агроному Азамат Сегизековдун айтымында, күнөскана СССР учурунда курулган, бирок 90-жылдандан бери иштебей калган.

«Күнөскананын узундузу 20 метр, туурасы 10 метрди түзөт. Ал эч кимге кереги жок болуп калган. Ошондуктан биз аны нөлдөн баштап курууну чечтик, учурда анын аймагын бошотуп жатабыз», - деди ал.

Жаңы күнөскананын курулушуна тендер жакынкы күндөрү өткөрүлөт, учурда сметалык документтери даярдалып жатат. Жаңы күнөсканада Каракол шаарынын пактарына отуругуза турган гүлдөрдү өстүрүүнү пландап жатабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×