Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.10.2018 00:01 Жаңыланды: 05.10.2018 08:56 На русском

Каракол шаарынын мэри кызматына 2 талапкер чыкты

Turmush -  Каракол шаарынын мэри кызматына 2 талапкер сунушталат. Маалым болгондой, мындай чечимди шаардык кеңеш кабыл алган.

Талапкердин бири – Эрлан Айсаракуновду шаардык кеңештеги «Табылга» фракциясы көрсөттү. Ал учурда Каракол шаардык кеңешинин төрагасы.

Ал эми 4 фракциянын мүчөлөрү Каракол шаарынын вице-мэри Адыл Каниметовду талапкер кылып сунушташты.

Буга чейин Каракол шаарынын мэри Арпачиев Данияр Карагулович ээлеген кызматынан бошотулгандыгы жана тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугу маалымдалган болчу. Кийинчерээк Д.Арпачиев Каракол шаарынын мэри кызматынан кетүү тууралуу арыз жазуусуна эмне себеп болгондугун түшүндүргөн.

Каракол шаарынын мэрин шайлоо 12-октябрда өтөт.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×