Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.10.2018 15:03

Ысык-Көлдө футболду мыкты ойногон кылмыш иликтөө кызматкерлери аныкталды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында милициянын кылмыш иликтөө кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, бул иш-чаранын максаты — милиция кызматкерлеринин спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана сергек жашоо образына үгүттөө болуп саналат. Футбол — милиция кызматкерлеринин сүүйүктүү оюну. Мындай иш-чараны өткөрүү салтка айланып, бул мелдешке 8 команда катышты.

Турнирдин ачылышында ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги К.Айдакеев кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Ысык-Көл ОИИБдин атайын операция отрядынын курма командасы ээлесе, 2-орунду ОИИБдин ардагерлери ээледи. Ал эми 3-орунга Каракол ШИИБдин кызматкерлери татыктуу болушту.

«Мыкты дарбазачы» номинациясына Аскар Өмүрчиев, «Мыкты чабуулчу» номинациясына Ак-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын кызматкери Азамат Дамиров, «Мыкты коргоочу» номинациясына Балыкчы ШИИБдин кызматкери Турат Акматбеков, «Мыкты оюнчу» номинациясына Жети-Өгүз РИИБдин башчысынын орун басары Руслан Мамбетов татыды. Турнирден жеңген командага Ысык-Көл ОИИБдин кубогу тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×