Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.10.2018 14:27 На русском

Ысык-Көлдө электр энергияга ири карызы бар ишканалардын арасында пансионаттар да бар

Turmush -  Ысык-Көл облусунда электр энергияга болгон карыз боюнча сотко 282 иш өткөрүлгөн. Бул тууралуу 3-октябрда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө болгон жыйында «Чыгыш электр» ААКтын директору Максатбек Чыныбеков билдирди.

Өкмөттүн өкүлү Максатбек Чыныбеков билдиргендей, бүгүнкү күндө эң көп карызы бар кардарлар жеке ишкерлер болуп саналат. Алардын карызы 4 млн сомду түзөт.

«Ушундай кантип болсун? Эмне үчүн көзөмөлдөбөй жатасыңар? Бир эле «Агропромбанк» 5 млн сом карыз, Жети-Өгүз районундагы жеке ишкер 3 млн сом карыз экен. Мындай мисалдар толтура», - деди өкүл.

Ал эми «Чыгыш электр» ААКтын директору мындай көйгөйлөр бар экенин жана 282 иш сотко тиешелүү чараларды көрүү үчүн которулганын билдирди.

«Рахат» (өзбек пансионаты) жана «Талисман» пансионатынын электр энергия үчүн карыздары бар. Жалпысынан жеке ишкерлер жана ушул сыяктуу колдонуучулар 93 млн сом карыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×