Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.10.2018 16:13

Караколдо кыргыз-түрк элдеринин достугун бекемдөөгө арналган симпозиум болууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-октябрда Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы ЫМУда түрк элдеринин жазуу түрүндөгү алгачкы чыгармалары эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кыргыз-түрк элдеринин достугун бекемдөөгө арналып, алардын адабиятынын, маданиятынын жакындыгын иликтөөгө багытталган иш-чара алгачкы түрк тилиндеги эпосторду кыргыз жаштарына, кыргыз эпосторун түрк жаштарына жайылтуу максатын дагы көздөдү.

Симпозиумга өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору К.Абдылдаев, «Хажи Бекташий Вели» маданий коомунун төрагасы Мустафа Өзживан, Дүйнө Сөз Академиясынын төрагасы, профессор Хайреттин Чвигин, ТИКА Бишкек координатору Жангиз Камил Фырат, Түркия, Россия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандан келген окумуштуулар жана аталган окуу жайдын окумуштуу-профессорлор жамааты, студенттер катышууда.

Маалыматка караганда, бул иш-чараны уюштурууга Анкарадагы «Хажи Бекташий Вели» маданий коому, Дүйнө Сөз Академиясы жана Түрк кызматташтык жана координация агенттиги өнөктөш болушкан.

Симпозиумда окумуштуулар Махмуд Кашкаринин «Түркий сөз жыйнагы - орток түрк мурастарынын көрүнүктүү үлгүсү», «Түрк элдеринде Кут-Теңир мамилеси жана башкаруу күчү», «Кутадгу билигдеги» мааниси жана башка кызыктуу докладдар жасалып, талкуу болду. Аталган иш-чара секцияларда иш алып баруу менен коштолуп, симпозиумдун жыйынтыгы резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×