Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.09.2018 21:58 На русском

Д.Арпачиев Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Turmush -  Каракол шаарынын мэри Арпачиев Данияр Карагулович ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Каракол шаарынын мэри берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Каракол шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Аймактык кабарчыга маалым болгондой,31-июлда шаардык кеңештин депутаттары 21-сессияга чогулуп, күн тартибинде 25 маселе каралган. Алардын бири Каракол шаарынын мэринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Бул сессияга шаардык кеңештеги 31 депутаттын ичинен 30 эл өкүлү катышып, анын ичинен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 28 депутат мэрге ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Ал эми 2 эл өкүлү каршы чыгышкан. Эл өкүлдөрү мындай кадамды мэрдин шаардын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча тапшырган отчёту канааттандырарлык болбогону менен байланыштырган.

Сессияда кабыл алынган чечим өкмөт башчыга жолдонгону маалым болуп, бирок колдоо тапкан эмес. Ал эми Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев отставка тууралуу 2018-жылдын февраль айында эле арыз жазганын айткан.

«Депутаттар өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу дагы арыз жазууну талап кылышты. Бирок кайталап арыз жазуунун зарылчылыгы жок деп ойлойм. Ал учурда 13 депутат, бул жолу 31 депутаттын ичинен 28 депутат ишенбөөчүлүк көрсөттү. Алар эмне себептен мындай чечим кабыл алганын билбейм. Бул саясий мотив болушу мүмкүн. Ал эми социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жакшы, июль айында премьер-министр биздин шаарга келгенде шаарды өнүктүрүү программасы менен ийгиликтүү тааныштыргам», - деди Д.Арпачиев.

Д.Арпачиев (42 жашында) 2016-жылдын 13-майында Каракол шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан мэр болуп шайланган. Шайлоого 31 депутат катышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерлер Данияр Арпачиев 24 добушка, Кубанычбек Абдубалиев 7 добушка ээ болгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×