Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.04.2018 12:12

Караколдо тосмону бузуп өтүп, бакты сүзүп талкаланган унаада каза болгон кыз 27 жашта болчу

Turmush -  Каракол шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен көз жумган жүргүнчү кыздын өздүгү такталып, денеси туугандарына берилди. Учурда окуяга байланыштуу тергөө, тактоо иштери улантылып жатат.

Адам өмүрүн алган жол кырсык кечээ, 13-апрелде саат 03:24 чамасында Токтогул менен Күчүков шоссесинин кесилишинде болгон. Алгач «Ауди 100» үлгүсүндөгү (мамлекеттик № В1534W) унаа «Каракол» эл аралык аэропортунун тосмосун бузуп өтүп, бакты сүзгөн. Андан кийин унаа талкаланып калган. Анын кесепетинен оор жаракат алган кыз каза таап, эки жигит ооруканага түшкөн болчу.

Жол кырсыгынын жабырлануучулары — Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын 1991-жылы туулган тургуну И.К. (айдоочу ) менен 1996-жылы туулган Д.Бакдөөлөт (жүргүнчү) Ысык-Көл облустук оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. Ал эми маркум Түп районунун Балбай айылынын 1991-жылы туулган тургуну Т.Мээрим экени аныкталды.

Дарыгерлердин айтымында, айдоочу И.К.нын чекеси сынып, мээси чайкалган. Ал эми жүргүнчү Д.Б.нын мээси чайкалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×