Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.04.2018 17:55

Норвегиялык профессор Караколдогу балдарды окутуунун сапатына өз баасын берди (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы №9 бала бакчасынын тарбияланчуучулары ачык сабак өтүштү. Ага норвегиялык профессор Ингер Бирикеланд катышып, балдардын окууга болгон умтулуусу менен таанышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бала бакчадагы бөбөктөр ата-энелери менен оюндарга катышып, жомок каармандарын табышты. Ачык сабактан соң тарбиячылар менен профессор Ингер Бирикеланд баарлашты.

«Мен Кыргызстандын билим берүү тармагын изилдегим келет. Буга чейин Бишкекте болдум, эми Каракол шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда болуп, кыргыз балдарынын сабакка умтулуусун, аракетине күбө болуп жатам. Эки бөлөк мамлекет болгонубузга карабай билим алууга жаштардын умтулуусу окшош экен. Мен балдардын активдүүлүгүн көрүп кубандым», - деди норвегиялык профессор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×