Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.04.2018 17:54

Караколдук балбандар Грузияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын жаш спортчулары самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу Каракол спорт мектебинин самбо боюнча машыктыруучусу Кулунбек Эстебесов маалымдады.

Маалыматка караганда, Каракол шаарынын спорт мектебинин «Алга» спорт залынын самбо боюнча өспүрүмдөр командасынын мүчөлөрү Алай Сартов, Эмир Модубашев жана Аман Батырбеков быйылкы жылдын октябрь айында Грузияда өтүүчү самбо боюнча дүйнө чемпионатына катышат.

Алар мындай жогорку жетишкендикке үстүбүздөгү жылдын 9-10-мартында өткөн КР чемпионатында биринчи орунду жеңип алуу менен ээ болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×