Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.04.2018 14:48

Караколдук мушкер К.Турсунакунов республикалык спартакиадага жолдомо алды

Turmush -  Караколдук мушкер Кылым Турсунакунов республикалык спартакиадага жолдомо алды. Бул тууралуу Каракол шаардык спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Каракол шаарында 4-6-апрель күндөрү мектеп окуучулары арасында облустук спартакиада өткөрүлүп, анда Кылым Турсунакунов биринчи орунду ээлеген. Мындан улам ал май айында Бишкете өткөрүлүүчү мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасына жолдомо алды.

К.Турсунакунов 57 кг салмакта мелдешет. Ал республикалык чемпионаттардын катышуучусу, Талас шаарында КР чемпионатында күмүш медаль уткан. Аны Тилекмат Энкеев машыктырып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×