Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Ысык-Көл

Караколдук окуучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Каракол шаарында биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мелдеш болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага шаардагы баардык мектептердин окуучулары катышып, 12 станция боюнча жарышты. Анын ичинен 7 мелдеш биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө арналды. Калгандары өзгөчө кырдаал маалында эмне кылуу керектиги жана патриоттук ырларды аткаруу боюнча болду.

Жыйынтыгында, №1 инновациялык мектеп гимназиясы биринчи орунду камсыздаса, №11 гимназиясы 2-орунду ээледи. Ар бир катышуучуга белектер, дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 337
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×