Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда - 5 градус суук болушу күтүлөт

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74-чакырымдарында, Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12 градус жылуулуктан 10…15 градус жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15 градус жылуулуктан 14…19 градус жылуулукка чейин, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 7…12 градус, тоолуу райондордо 5…10 градус жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5 градус суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

11-12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 989
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×